Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү эс алуучулардын жоругу интернетте талкууга кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда Ысык-Көлгө велосипед жана азык-түлүк ташуучу араба менен түшкөн эс алуучулардын видеосу талкуу жаратты. Бул боюнча облустук экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы төмөнкүлөргө токтолду.

«Экологияга зыян келтирүү боюнча атайын нормалар бар. Бул жерде экологияга зыян келген эмес. Ошол эле учурда берене да жок. Ушундан улам аталган эс алуучуларга айып пул сала албайбыз. Болгону эс алуучуларга өзүнүн коопсуздугу үчүн эскертүү берилиши мүмкүн», — дешти алар.

Бул видео Балыкчы шаарындагы «Алия» пляжында тартылганы айтылууда.

Былтыр ушул эле пирстен Ысык-Көлгө велосипед менен түшкөн аял кишинин видеосу талкуу жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE