Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери сууда сүзүүчү «тулпарга» ээ болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдүн акваториясында милициянын эки гидроцикли кызмат көрсөтөт. Аталган техника бүгүн, 3-июнь күнү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо милициянын гарнизондук саптык кароосунда көрсөтүлдү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул гидроциклдер качан сатылып алынганын, кимдер тарабынан каржыланганы боюнча маалымат берген жок.

Милициянын гарнизондук саптык кароосуна КРдин ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урманбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE