Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Тилек Беккулов азык-түлүк кымбаттагандан кийин жаңы ишти колго алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Маман айылынын 28 жаштагы тургуну Тилек Беккулов сандык жасоо менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Устанын айтымында, бул ишти жаңы эле баштап, учурда буюртма алып жатат.

«Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулгам. Учурда Ак-Суу районунун Маман айылында жашайм. Каракол шаарындагы N14 кесиптик лицейден күч жабдыктарынын жана жарык түйүндөрүнүн электр монтаждоочусу адистигин алып чыккам.

Учурда сандык жасап баштадым. Бул иш менен алектенгениме аз гана убакыт болду. Эч кимден үйрөнгөн жокмун. Мурун корпустук эмеректерди жасачумун. Бишкектеги дүкөндө турган сандыктарды бир көрүп эле, мен да жасоону чечтим. Бул иш менен алектенгенге азык-түлүктүн кымбатташы түрткү берди. Азыркы учурда сандык эле жасайм. Жаңы эле баштаганым үчүн буюртма аздан болуп жатат. Бирок дүкөндөр менен иштешип жатам», — деди.

Тилек Беккулов бир буюртманы 5 күндөн 10 күнгө чейин жасап бүтүрөт. Ал 18 миң сомго чейин бааланат.

«Өзгөчөлүгү — дизайнды өзүм ойлоп табам, бышык рейкадан жасалат, жеңил. Башка сандыктарды кардарлар оор жана түбү түшүп калып жатышат дегенинен рейкадан кылдым. Мындан сырткары талаа иштери менен алекмин», — деди ал.

Ал үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE