Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк С.Ирсалиев өзгөчө өнөрү үчүн резиденцияга чакырылып, президенттерге эт туурап берген (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын 60 жаштагы тургуну Сагынбек Ирсалиев дээрлик 40 жылдан бери айыл чарба багытында эмгектенип келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде өзгөчө өнөрү тууралуу да айтып берди.

  • Сагынбек Ирсалиев балалык кезин айылында өткөрүп, 1979-жылы М.Элебаев атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Россия жергесинен аскердик кызматын өтөп келип, Каракол шаарындагы №2 кесиптик лицейден билим алган. Жубайы менен 1989-жылы үй-бүлө куруп, 6 кызды тарбиялашты.

Сагынбек Ирсалиев аскердик милдетин өтөп келген соң айыл чарба багытында билим алган.

«Ошентип эмгек жолумду 1984-1987-жылдары Каракол шаарындагы электр техникалык заводдо баштадым. Ага утурлай Түп районундагы Ак-Булуң айылындагы айыл чарба техникумуна тапшырып, билимимди тереңдеттим. Айыл чарба багытын тандап алган соң СССР ыдыраганга чейин совхоздо агроном, химик, экспедитор жана башка кызматты аркаладым. СССР чачырады, жергиликтүүлөргө жер бөлүштүрүлдү. Жер иштеттик, күздө алган түшүм жазга жетпей жатты. Анан киреше табууну көздөп 1996-жылы бал челек кармоону колго алдым», — деди ал.

Алгач бал челек кармап, аарыларга кам көрүп жана бал өндүрүү иштери жеңил болбогонун кошумчалады.

«Негизинен ар бир жасаган ишибиздин жеңил жана оор жагы, кыйын жана оңой жагы болот эмеспи. Бал челекти колго алган күндөн тарта сырттан билинбеген бир топ түйшүктү өткөрдүк. Мында көп жылдык чөп өскөн талаадан гүл кууп, бал кууп иштеген күн болду. Негизгиси ар нерсени убагында жакшы карап койсо, жыйынтыктуу болот эмеспи. Азыркы тапта үй-бүлөбүз менен 40-50дөй бал челек кармайбыз. Балдын килограммы 250 сомдон 300 сомго чейин бааланат. Көп жылдан бери айыл тургундары, ошондой эле өлкө аймактардан сатып алышат. Мындан сырткары жайкысын малина, карагат жана капуста өстүрүп, кошумча пайда табабыз», — деди ал.

Ал учурда спорт тармагында жеңил атлетика боюнча машыгып, сынактарда бейгелүү орундарды багындырууда. Аны менен катар беш бармакка этти өзгөчө туурап, кошумча өнөрү менен элди таң калтырып келе жатканын белгидеди.

«Негизи элибизде эзелтеден бери сыйлуу тамагыбызды тартуулап келет эмеспизби. Мурда жигиттер беш бармакка тууралчу этти эки бычак менен туурап, өнөрүн тартуулап келчү экен. Ал кийинчерээк унутулуп калган. Мен аскердик милдетимди өтөп келгенде теңтуш балам эки бычакты бирге кармап, эт туураса болот экенин айтып, жөн гана сунуштап калды. Менин оюман кетпей, ошол нерсени жасап көрдүм. Мен үчүн татаал деле эмес экен. 1985-жылдары айылдагы тургун көз жумду. Эшиктеги бакчада эт тартылып калды. Аксакалдар досум экөөбүздү табагына кошууга чакырышты. Анан устукан тартылып, бешбармакка эт тууралчу мезгил келди. Ак сакалдар «жаш жигиттер туурасын» деп калышты. Анда досум тиземди басып, «туураба» дегендей кылып, мен токтоп калдым. Баягы сөздү экинчи ирет айтышты, дагы унчукпадык. Анан үчүнчү жолу ачууланып айтышты, ошондо «бычагыңар жетпейт экен» десек, карыялар макилерин чыгарды. Биз дароо чогултуп алдык, ылайык келгенин тандап, беш бирдей макини кармап эт туурап кирсем, «силер да бул өнөрдү билесиңерби?» деп таң калышты.

Жылдар өттү, баягы 4-5 бычак менен эт туурап жүрүп, кийинчерээк 7-8 бычакка жеткирдим. Айылдаштар куда тоскондо аларга тартуу кылып, мени чакырышчу. Бир жолу Нарынга кудага барып, ал жактан да эт туурап калсам, видеого тартып, интернетке чыгарышты. Интернет аркылуу таанылып, 2019-жылы Ала-Арча резиденциясына чакырып, эт туураган өнөрүмдү сынап көрүштү. Ошентип, бир жыл мурун көл кылаабызда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген 12 мамлекеттин президенттери жана өкүлдөрү келгенде да мени чакырышып, эт туурадым. Мындан сырткары облуста, райондо өткөн иш-чараларга да катышып, бул өнөрүмдү жаштарга үйрөтүүгө аракетимди жумшоодомун. Негизгиси бул өнөр оңой көрүнгөнү менен өзүнүн эрежеси болот», — дейт ал.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE