Пример HTML-страницы

Видео — Түндө Жалал-Абад шаарындагы цехтен өрт чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында брусчатка чыгарган цехте өрт кырсыгы болду.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, тилсиз жоо 15-апрелге караган түнү саат 23:00 чамасында калаанын Курманбек көчөсүндө катталган. Алар окуя болоор замат өрт өчүрүү кызматына кабарлашкан.

Ал эми Жалал-Абад шаардык өрт өчүрүү кызматынын берген маалыматына караганда, ишкананын 21 чарчы метр аянтын өрт каптаган.

«Кечээ кечинде калаанын Курманбек көчөсүнүн №26 дарегинде өрт кырсыгы чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүү бригадасы саат 23:24тө окуя орун алган жерге жетип, өрттү толугу менен өчүрүшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен ишкананын 21 чарчы метр аянты жана 12 метр рейка, брусчатка күйгөн. Ушул тапта өрттүн себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE