Пример HTML-страницы

Видео: Чүйдө адамдан коркпогон жырткыч көбөйгөнүн байкашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында түлкүлөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, түлкүлөрдү көбүнчө талаалардын четинен, жолго жакын аймактардан, көлмөлөрдүн жанынан көрүп жатышат. Алар адамдардан анча корокпойт, ошондуктан аларды видеого тартып алууга мүмкүн болот.

Ал эми эколог адис Александр Сосновскийдин маалыматы боюнча, Чүй облусун байырлаган түлкүлөр азык тандабайт.

«Ар кандай майда жандыктар — бака, кескелдирик, куштар, алардын жумурткалары түлкүлөр үчүн азык. Эгер булар жетпесе, анда курт-кумурскаларды жеп баштайт. Ошондой эле жашылчалар, мөмөлөр менен да азыктанат. Кышында теридеги жүнү калыңдап, жылуу болуп калат. Дал ушул мезгилде түлкүлөрдү капкан менен кармап, же атышат. Айрым учурларда бүркүттүн жардамы менен кармашат. Бирок акыркы учурларда түлкүгө аңчылыкка чыккандар аз, себеби анын терисине суроо-талап жок. Ошондуктан Чүй облусунда түлкүлөр көбөйдү», — деди эколог.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE