Пример HTML-страницы

Ветеринардык кызмат Ысык-Көл көлүнүн суусун булгаган мал союу пункту боюнча үн катты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл көлүнүн суусун булгаган мал союу пункту боюнча Turmush басылмасына жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызмат төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Жети-Өгүз районунун мамлекеттик органдарынан комиссия түзүлүп, анын курамына Жети-Өгүз айыл чарба башкармалыгынын кызматкерлери катышкан.

Маалыматта баяндалган фактыларды текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл көлүнүн суусу булгангандыгы аныкталган эмес. Бирок ветеринардык-санитардык талаптар боюнча башка бузуулар болгон. Ушуга байланыштуу аталган мал союу пунктунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аныкталган бузуулар четтетилгенге чейин токтотулган.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери сууну булгап жаткан мал союлуучу жайды аныкташкандыгын жазган.

Маалыматка караганда, 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында жайгашкан Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайды табылган. Милиция кызматкерлери жайды текшерүү жүргүзгөн учурда калдыктардын бир бөлүгү — союлган малдын кан-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, аталган мал союлуучу жайга тергөө-ыкчам тобу алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.

Касапкананын 32 жаштагы ээси С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөт. Бирок, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE