Пример HTML-страницы

Turmush: Тезирээк, жакшыраак, ишенимдүүрөөк: Beeline тармактын сапатын жогорулатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАдамдар уламдан-улам мобилдик интернетти көбүрөөк колдонуп келе жатышат: заманбап онлайн-жашоого мессенджерлерден жана социалдык тармактардан тышкары, мобилдик оюндар, музыка жана видео кирди. Мындай контент, адатта, тармактын сапатына абдан чоӊ талаптарды коет. Абоненттердин өсүп жаткан керектөөлөрүнө ылайык жакшы интернет байланышын жана сапаттуу байланышты камсыз кылуу үчүн Beeline Кыргызстан уюлдук оператору өзүнүн тармактык инфраструктурасын модернизациялоону улантууда.

Өлкөнүн түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү базалык станцияларында компания маалыматтарды жогорку ылдамдыкта өткөрүү үчүн колдонулган жыштык тилкесин көбөйттү. Оңдоо иштеринин бул түрү көбүнчө жолду кеңейтүү менен салыштырылат, мында кошумча тилкенин эсебинен транспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатса болот. Тармактын сыйымдуулугунун жогорулашына байланыштуу Beeline кызматтарынын сапаты жакшырды: азыр мобилдик байланыш дагы ишенимдүү болуп, интернет ылдамдады.

Бишкекте дээрлик бардык 4G базалык станцияларында техникалык иштер жүргүзүлдү. Чүй облусун тейлеген станциялардын көбүн модернизациялоо аяктады. Түштүк аймактарда азыркы инфраструктураны жакшыртуу менен катар жаңы байланыш объектилерин куруу активдүү жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын башынан бери Beeline Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында ондогон жаңы базалык станцияларды ишке киргизди.

«Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда 25 жылдан ашык иштөө ичинде, Beeline өзүн инновацияларга жана мыктылыкка умтулган ишенимдүү, туруктуу оператор катары көрсөттү. Биз алдыңкы технологияларды киргизип, жаңы чечимдерди иштеп чыгабыз жана өнүмдөрүбүз жана кызматтарыбыз мезгилдин талабына жооп бериши үчүн тармактын сапатын жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштеп жатабыз. Жакынкы келечекте биз өлкөнүн бардык аймактарында коммуникация инфраструктурасын оптималдаштырууну жана кеңейтүүнү улантууну пландап жатабыз», — деди компаниянын башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline — 25 жыл бою жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE