Пример HTML-страницы

Turmush: Кара-Көлдөгү 5 достун өмүрүн алган кырсык: Өспүрүм айдоочу ооруканадан чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында жол-транспорт кырсыгынан жаракат алган өспүрүм үйүнө чыгарылды. Бул маалыматты Turmush басылмасына Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлердин практикалоо борборунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, айдоочу — 2006-жылы төрөлгөн С.Н. 30-август күнү үйүнө чыгып кеткен. Абалы салыштырмалуу канааттандаырарлык деп бааланууда.

Буга чейин аталган жол кырсыктан жалпы 6 өспүрүм жаракат алып, ооруканага түшүп, алардын ичинен бешөө каза болгону маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жол кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 389-чакырымында 25-августта саат 03:00 чамасында болгон. Кара-Көл шаарынын 2006-жылы туулган тургуну С.Н. атасына таандык «Субару Аутбек» унаасы менен Бишкек тараптан Ошту көздөй бара жатып, жолдун бурулуш жеринен рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 5 өспүрүм каза болду. Алар: 2006-жылы туулган К.Э., 2006-жылы туулган К.Н., 2006-жылы туулган К.М., 2007-жылы туулган Ш.У. жана 2006-жылы туулган С.Б.

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жол кырсыкка кабылган өспүрүмдөр №2 жана №4 мектептин 9-классынын окуучулары экени такталды.

Кырсыкка кабылган балдар достор болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE