Пример HTML-страницы

Turmush: Эски мектеп, көмүр баасы, жер маселеси: Чоң-Алайдагы жашоочулар көйгөйлөрүн айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Чон-Алай районундагы жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууга 600дөн ашуун адам чогулуп, өкүлгө көйгөйлөрдү айтышты. Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Мирлан Баитбаев Кашка-Суу айылында 1973-жылы курулган мектептин эскилиги жеткендигин билдирип, жаңы мектеп куруп берүүнү суранды.

Жаш-Тилек айылынын тургуну Турсунали Казыбековдун айтымында, Чоң-Алай району боюнча 400 трактор бар. Тракторлор күйүүчү майдын начардыгынан бат бузулуп, Жалал-Абад, Бишкек шаарларына барып, оңдотуп келишет.

«Трактордун тетиктерин оңдоочу аппараттын баасы 60 миң доллар. Сатып алууга банктар шарттарын жеңилдетип жана пайызын төмөндөтүп берсе жакшы болмок», — деди ал.

Ал ошондой эле Жаш-Тилек айылында картошка айдоого шарт жок экенин билдирди. Анын айтымында, жердин бети шагыл. Ал Жар-Башы айылында 48 гектар жер бош жатканын, дыйканчылык кылуу үчүн Жаш-Тилек айылынын тургундарына 20-30 сотыхтан бөлүп берүүнү суранды.

Зиядин Жамалдинов насыя боюнча маселени чечүүнү тиешелүү жетекчиге тапшырды.

Мындан сырткары жашоочулар жергиликтүү көмүрдү 5-6 сомдон сатып алышарын билдиришип, аны 2-3 сомдон кылып берүүнү өтүнүштү.

Бул маселе боюнча Зиядин Жамалдинов: «Райондун өзүндө кен болгондугуна байланыштуу кенди жеке менчикке бербей, район өзү казсын деген Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Ошондуктан кенди жергиликтүү эл өзү иштетсе, көмүр да акысыз болот», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE