Пример HTML-страницы

Turmush: 2000 долларлык айлыкты үнөмдөп жашабаса, баары кымбат,

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандык Муратбек уулу Айдар Түштүк Кореядагы Чхунчхон-Намдо провинциясынын Йесан шаарында жер семирткич чыгарган заводдо эмгектенип жатат. Turmush басылмасы алыста жүргөн мекендешибиз менен маектешип, андан кабар алды.

Алгач Болгарияга баргам

— Негизи ата-энем Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон хан айылынан болушат. Мен 2000-жылы Балыкчы шаарында туулуп, 2011-жылы Бишкек шаарына көчүп кеткенбиз. Ата-энем тазалык ишканасында иштешти. Бирок, тилекке каршы атам 2020-жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Өзүм 9 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Кыргызстанда жүргөндө ашпозчулук боюнча окуп, бул жаатта 5 жыл эмгектендим.

Чет өлкөгө, айрыкча Кореяга барып эмгектенип келүүнү бала кезден кыялданчумун. Ошол кыялыма жетип, 3 ай мурун ушул өлкөгө сапар тартып келдим. Негизи мен бул мамлекетке келиш үчүн бир жыл мурун даярдандым. 3 ай тил үйрөнүп, атайын сынакка катышып, андан кийин келишимди күттүм. Бул аралыкта бош отурбай Казакстанга барып иштеп, ал жактан Болгарияга визага тапшырып койдум. Максатым боюнча Болгарияга барып, андан ары Англия өлкөсүнө виза ачуу болчу. Ошентип Болгарияга 6 айга келишим менен кеттим. Бирок бир ай иштеген соӊ, Англиядан виза ачылып калды. Кайра Кыргызстанга келип, туугандарым менен амандашып, даярданып чыгышым керек болчу. Бардыгын камдап, аэропорттон учарыма 2 саат калганда, Кореядан келишим келип калды. Анан үйдөгүлөр менен кеӊештик. Кореядан келген келишим боюнча 4 жыл 10 ай иштешим керек. Ошентип үйдөгүлөр дагы, өзүм дагы Кореяга кетүүнү туура көрдүм.

Кореядагы алгачкы күндөр

— Кыргызстанда ашпозчу болуп иштеп жүргөндө күнүнө 14 саат иштечүмүн. Алган айлыгым Кудайга шүгүр жетчү. Бирок, үй салып, кыялдарды ишке ашыруу мүмкүн эмес болчу. Азыр Кореянын шартына көнүп калдым. Ар ким ар кандай заводго туш келет экен. Учурда мен жер семирткич чыгарган заводдо иштейм. Ар бир гүлдүн, өсүмдүктүн, мөмө дарактардын топурагын жасайбыз.

Алгач келгенде заводдун тегерегин тазалап иштедик. Алар чет өлкөдөн жаӊы келген киши көнө албай, кыйналарын билишет экен. Ошого жараша мамиле кылып, психологиялык жактан көнүп кетишибизге жардам беришет экен.

Алгач тилди жакшы билбей, азык-түлүктү дүкөндөн өздөрү алып келип берип жатышты. Биз болсо чочконун этин жебей турганыбызды айттык. Биринчи күрүч жана салаттарын гана жеп жатканбыз. Айлыгыбыз тийип баштаганда, өзүбүз базарга барып, адалдап союлган малдын этин сатып ала баштадык. Негизи мен Кыргызстанда бир топ ашканаларда иштегем. Ошол себептен булардын тамагы ачуу жана супсак келерин билчүмүн. Аны билбей келгендер чынында абдан кыйналышты.

Мен айтар элем, Россияны көздөй жумуш издеп агылбай, Кореяга, Европага жумушка келгиле. Жол-жобосун изилдеп, талыкпай аракет кылгыла. Бир гана кара курсакты гана тойгузбай, өнүккөн өлкөлөргө барып, тажрыйба топтоп, аны өзүбүздүн өлкөбүздө пайдалануу керек.

Кореядагы өзгөчөлүк

— Йесан шаары деӊиз жээгинде жайгашкан. Бизге завод батирди акысыз берди. Ал эми азык-түлүк чынында биздин өлкөгө салыштырмалуу кымбат. Мисалы, айлык 1,5-2 миӊ доллар болсо, аны көбү азык-түлүккө жумшалат. Бирок үнөмдөп жашаса болот.

Бизде азыр 2005-жылкы балдар аскерге чакырылып жатат. Буларда аскерге баруу ар бир баланын кыялы экен. Баары аскерге сыймыктануу менен барышат. Аскерден бир гана автомат кармаганды үйрөнбөстөн, бир кесип алып келишет экен. Мисалы, айдоочулукту ошол жерден үйрөнүп, айдоочулук күбөлүк алышат экен. Ошондой эле, 26 жашка чейин оор, зыяндуу жумуштарга тартылышпайт экен. Эгер 26 жашка чейинки баласы иштеп жаткан болсо, ата-энеси жоопко тартылып, айып пул төлөйт. Ошол себептен булар 26 жашка чейин аскерге барып, андан соӊ билим алышат экен.

Күнүгө 8 саат иштейбиз. Андан ашык, андан кем дагы иштебейбиз. Убакытка аябай так. Мындан тышкары корейлер таштандыга чоӊ көӊүл бурат. Акыр-чикирлерди бөлүштүрүшөт. Желим буюмдарды өзүнчө, темирлерди өзүнчө…

Бала кезде 3 жылдай бокс менен машыккам. Бул жактан жумуштан кийин өз алдымча машыгам. Анан китеп окуганды жакшы көрөм. Беш маал намаз окуйм. Футболго кызыгам. Кореядагы кыргыздар ар 2-3 ай сайын футбол мелдештерин өткөрүп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE