Пример HTML-страницы

Токмоктогу келин түн бир оокумда күйөөсүнүн унаадагы кылыгына күбө болду

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарындагы келин кайын сиңдиси менен чогуу күйөөсү менен жашыруун жолугуп жүргөн кызды ур-токмокко алган. Натыйжада сот аларга пробациялык көзөмөл дайындады.

— Айнура [аты өзгөртүлдү, А.К.Т.], 1999-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган, билими орто, убактылуу жумушсуз, үй-бүлөлүү, эки баласы бар, мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (адамдардын тобу тарабынан бейбаштык) боюнча айып тагылган.

— Камила [аты өзгөртүлдү, К.Э.К.] 2004-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган, билими орто, убактылуу иштебейт, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (адамдардын тобу тарабынан бейбаштык) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 21-апрелинде саат 01:50 чамасында айыпталуучулар Айнуранын күйөөсү Айбектин [аты өзгөртүлдү, А.Ш.К.] Карина менен [аты өзгөртүлдү, К.Д.] жашыруун жолугушуусун билип калышкан. Айнура кызганычтан улам кайын сиңдиси Камила менен бирге Каринанын үйүнө жөнөшкөн. Бирок алар жабырлануучуну үйүнөн таппай кайра келе жатканда, «Сакура» кафесинин жанынан Айбектин «Крайслер» үлгүсүндөгү унаасын көрүшкөн. Унаанын ичинде күйөөсү Айбек менен Карина болгон. Алар кучакташып отурган. Андан кийин саат 02:20 чамасында айыпталуучулар Каринанын үйүнүн дарбазасынын жанынан жабырлануучунун денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.

Соттук отурумда айыпталуучу Айнура кылмыш иши боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, булар көрсөттү. Күйөөсү башка кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн 8 ай мурун билип калган. Ал күйөөсүнүн телефонунан Карина менен жазышкан катын окуп, жабырлануучунун номурун сактап койгон. Бир жумадан кийин бул мамиленин чын-төгүнүн билүү үчүн жабырлануучуга кат жазып, Айбектин жубайы экенин, чогуу жашарын, эки баласы бардыгын билдирген. Бирок Карина анын баарын билерин айткан. Айыпталуучу жабырлануучуну күйөөсүнөн кетүүнү суранган, бирок Карина баш тарткан.

Айыпталуучунун айтымында, 2022-жылдын ноябрында күйөөсү жуунуп жатканда, Айбектин телефонуна Каринадан кат келген. Анда жолугушуу боюнча макул болгонун жазган. Айнура кайын сиңдиси Камилага телефон чалып, Каринанын каякта жашай турганын сураган. Себеби, кайын сиңдиси такси кызматында оператор болуп иштечү. Андан соң Б., Я. аттуу курбулары менен Каринанын үйүнө барып, телефон менен сыртка чыгуусун айтышкан. Карина короого чыкканда, экөө сүйлөшүп, ага үй-бүлөсү тууралуу баарын түшүндүрүп, эки баласы бар экенин айткан.

2023-жылдын 21-апрелинде күйөөсү экөө конокко барып, саат 20:30 чамасында үйүнө келишкен. Андан кийин күйөөсү досторуна бара турганын айткан. Ошол маалда кайын сиңдиси Камила телефон чалып, алардын үйүнө келе турганын билдирген. Ал келгенден кийин Айнура Каринанын үйүнө барарын айткан. Бирок кайын сиңдиси аны коё бербей, экөө чогуу барууну чечишкен. Алар Каринанын үйүнө барганда агасы чыккан. Ага болгон окуянын баарын айтып беришкен. Агасы бул тууралуу билбей турганын, Карина менен сүйлөшөрүн айткан. Кайра үйгө келе жатканда «Сакура» кафесинин жанынан күйөөсүнүн унаасын көрүшкөн. Ичинде Айбек менен Карина кучакташып отурушкан. Алар 10 мүнөттөн кийин Каринанын үйүн көздөй жөнөшкөндө, Айнура менен Камила алардын артынан барышкан. Каринанын үйүнө келгенде, Айнура жабырлануучуга чуркап барып, бир жолу урган. Бирок кайсы жерге урганы эсинде жок. Караңгы болгондуктан, ал жерге жыгылып түшкөн. Андан кийин башка сокку жасаган эмес.

Соттолуучу Айнуранын айтымында, жабырлануучу 100 000 сом сураган. Бирок анын эки баласы бар болгондуктан, эч жерде иштебегендиктен, мындай акчаны төлөп бере албастыгын жана соттон пробациялык көзөмөл колдонууну өтүндү.

Сот отурумунда айыпталуучу Камила жасаган кылмыш ишин мойнуна албай, буларды көрсөттү. 2023-жылдын 22-апрелинде саат 01:00 чамасында агасынын үйүнө келген. Айнура ага Карина аттуу кыз агасы Айбекке телефон чалганын, Айнура үйүнө барарын айткан. Бирок чогуу барууну чечишкен.

Экинчи жолу Каринанын үйүнө барганда, Айнура эмоция менен унаадан түшүп, жабырлануучуну көздөй чуркап барып, андан кийин экөө кармашып калышкан. Камила экөөнү ажыратканы барган. Ошол маалда Карина анын көз жагына тепкен. Андан кийин Каринанын агасы чыгып, Айнура менен жабырлануучуну ажыраткан.

Камила Каринаны сабабаганын, учурда кош бойлуу экенин айтып, соттон актоону суранды.

Сот отурумунда жабырлануучу Карина буларды көрсөттү. 2022-жылдын май айында аны Ю. аттуу досу Айбек менен тааныштырган. Андан кийин экөө жолугушуп башташкан. Айбек үй-бүлөсү бар экенин, бирок алар менен жашабарын айткан. 2022-жылдын ноябрында Айнура эки курбусу менен үйүнө келип, баарын айткандан кийин дароо Айбекке телефон чалып, бул тууралуу билдирген. Ошондой эле, аны менен кайра жолукпай турганын айткан. Бирок, Айбек ага телефон чалып, кат жазганын токтоткон эмес.

2023-жылдын 21-апрелинде саат 20:00 чамасында Айбек менен жолугуп, саат 02:20га чейин чогуу отурган. Айбек аны үйүнө жеткирип, дароо кетип калган. Жабырлануучу үйүнүн дарбазасына бара жатканда, бир унаанын келе жатканын уккан. Унаадан эки кыз түшүп, андан кийин чуркап келип, чачынан кармап, үйдүн короосуна сүйрөп киришкен. Ошондо жабырлануучу Карина кыздардын бири Айбектин жубайы экенин билген. Карина жерге жыгылганда, денесине залал келтире башташкан. Анан агасы чыгып, экөөнү ажырата баштаган. Ошол маалда апасы чыгып кыйкырган. Айыпталуучулар үнүн бийик көтөрүп сүйлөшкөн. Андан соң, Айнура аны менен сүйлөшкүсү келгенин айткан. Бирок, жабырлануучу макул болбой койгон.

Жабырлануучунун айтымында, Айнура ага Айбектин номуруна бөгөт коюуну же өзүнүн номурун алмаштырууну суранган. Бирок, Карина баш тартып, апасы менен үйүнө кирип кеткен. Агасы алар менен сүйлөшүү үчүн калган.

Карина соттон акыйкат чечим чыгарууну суранды.

Токмок шаардык соту 2023-жылдын 23-июлунда иштин материалдарын карап чыгып, экөөнү тең күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратты.

Ошол эле учурда сот Айнура менен Камилага 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуп, аларды эркинен ажыратуу жазасынан бошотту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE