Пример HTML-страницы

Токмок шаарындагы базарларга адамды жүзүнөн таануучу камералар орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы базарларга 407 500 сомго адамды жүзүнөн таануучу 8 камера орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган каражат ири базарлардын администрациясы тарабынан чогултулган.

Камераларга Гагарин көчөсүнөн интернет тартылган. Эми ал ИИМдин Бишкек жана Токмок шаарындагы башкармалыктарынын онлайн байкоо пункттарына туташтырылат.

Бул камералар соодагерлер, шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE