Пример HTML-страницы

Тоңдо Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун мемориалдык музейи ачылды

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылдын 25-августунда Тоң районунун Көк-Сай айылында Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, Кыргыз эл баатыры Таштанбек Акматовдун 85 жылдыгы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Т.Акматовдун мемориалдык музейи ачылды.

Салтанатта Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Гүлзат Байзакова үй-бүлөсү менен жана Тоң райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Таштанбек Акматов 1938-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда туулган. Орто мектепти аяктаган соң, «Көк-Сай» колхозунда койчу болуп, андан кийин А.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунда билим алган.

Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында жүз тубар койдон жүз кырктан козу алуу менен өлкөнүн алдыңкы жана үлгүлүү чабаны болгон.

1991-жылдан тарта Таштанбек Акматов өзүнүн жеке дыйкан чарбасын түзүп, жүздөгөн асыл тукум малды багуу менен алардын санынан да сапатын өстүргөн.

Т.Акматовго 2013-жылдын 12-мартында «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы менен «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE