Пример HTML-страницы

Тезек жагып, дээрлик көмүр сатып алышпаган Тоңдогу Көл-Төр айылы

Акыркы жанылыктар

TurmushКөл-Төр — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы алыскы айылдардын бири.

Жергиликтүү аксакал Шеримбек Бейшенов билдиргендей, Көл-Төр айылында 5 миңге чукул адам жашайт. Жергиликтүү тургундар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет.

«Айыл Көл-Төр деп аталып калганы бекеринен эмес. Биздин ата-бабаларыбыз тоо этегинде отурукташкан. Азыр бул жерде жетинчи муун жашайт. Үстүндө тоолор, асты Ысык-Көл, ушундан улам “Көл-Төр” деп аталып калган. Бир кезде биздин айылда төөлөр болуп, ушунчалык узун чий өсүп, калың бакка киши кирсе көрүнбөй калчу. Айылдын өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында жергиликтүү көчөлөргө ысымдары ыйгарылды», — деди ал.

Аксакал Көл-Төр айылынын ичи жайында ысык, кышкысын салкын болуп, бирок кар жок экенин кошумчалады. Жыл сайын жергиликтүү тургундар тезек кургатып, аны үйлөрүн жылытуу үчүн колдонушат. Алар дээрлик көмүр сатып алышпайт.

Машыктыруучу болуп иштеген Бакыт Байымбеков шарттын жоктугуна карабай жергиликтүү спортчулар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Үч жыл мурун бир кичинекей бөлмөдө спорт зал уюштурулган. Каныбек Осмоналиев бир кезде көтөрүп жүргөн штанганы бизге өткөрүп берди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE