Пример HTML-страницы

Таластын тургуну Чүйдө өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүйдүн Жайыл районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам Таластан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 2-декабрында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жайыл районунун Алтын айылынын 1971-жылы туулган тургуну Т.С. кайрылган. Ал 2008-жылы туулган бир тууган жээни К.Ж.ны (кыз) өгөй атасы — Таластын Көк-Ой айылынын 1990-жылы туулган тургуну Б. уулу К. күч колдонуп, бир нече жолу зордуктаганын билдирген. Аталган факт Жайыл РИИБде катталып, караштуулугу боюнча Талас РИИБге жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. 2023-жылдын 1-январында аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иш козголгон.

20-январда кылмышка шектелген Б. уулу К. кармалып, Талас райондук соту тарабынан 20-мартка чейин Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE