Пример HTML-страницы

Таластын тургундарынан 17 курал алынып, издөөдө жүргөн адамдар кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush5-6 апрель күндөрү Талас облусунда «Арсенал» рейди өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары жок 16 сайсыз жана 1 сайлуу курал алынды. Манас районунан 4 сайсыз, Кара-Буура районунан 4 сайсыз, Бакай-Ата районунан 5 сайсыз, Талас районунан 1 сайсыз, 1 сайлуу, Талас шаарынан 3 сайсыз куралды ээлери өз ыктыяры менен тапшырып берди.

Мындан тышкары участкалык инспекторлор тарабынан ок атуучу куралы бар 280 адамдын куралдарды сактоо эрежелери текшерилип, натыйжада жалпы 15 административдик протокол түзүлдү. Анын ичинен ок атуучу газ-пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын сатып алуу, сактоо же сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 1 административдик протокол, куралды каттоо мөөнөтү боюнча эреже бузгандыгы үчүн 13 протокол, куралды сактоо жана ташуу боюнча 5 протокол түзүлгөн. Башка беренелер менен 6 протокол толтурулду. Жалпы жарандарга түзүлгөн административдик протокол боюнча 24 миң сом айып салынган.

Куралы бар жарандарга куралды алып жүрүүдө жана колдонууда коопсуздукту сактоо, эрежелерин бузбоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жалпысынан 180 милдеттемеге кол коюлду.

Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө издөөдө жүргөн 2 адамдын жүргөн жери аныкталып, кармалды. Мурда жасалган 5 кылмыштын бети ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE