Пример HTML-страницы

Таластык окумуштуулар «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгүн жактырышты

Акыркы жанылыктар

Turmush«Альянс Алтын» компаниясы кен казуудагы өзүнүн ишмердүүлүгү, ишкананын ишинин жүрүшү жана ошондой эле компания тарабынан иштелип жаткан Талас облусунун стратегиялык өнүктүрүү планы менен тааныштыруу максатында Талас облусунун аксакалдарын Жерүй алтын кенине алып барышты.

Маалым болгондой, 30-июль күнү Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев, Талас облусунун мурунку губернатору Искендер Айдаралиев, легендарлуу парламенттин депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, КРнын Куруучулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев ошондой эле Камалдин Базаркулов, Жеңиш Минбаев, Нурлан Карыпкулов өңдүү Талас районунан чыккан коомдук, мамлекеттик ишмерлер Таластагы Жерүй алтын кенинде болушту. Окумуштуулар баштаган аксакалдар таанышуу иш-чарасын Талас алтын кен комбинантында алтынды өндүрүү процесси кандай жүргүзүлөөрүн көрүү менен өздөрү кызыккан суроолоруна тиешелүү адистер тарабынан жооп алуудан башташты. Фабриканын иши менен таанышкандан соң алтынды өндүрүүдөн чыккан калдыктарды сактоочу жайга барган аксакалдар, калдыктардын 80 пайыз кургак абалда чыгаарына күбө болушту. Компания калдыктардан курулуш материалдарын жасоо планы бар экенин, изилдөө иштеринин соңку этаптары калганы айтып, эскиздери менен тааныштырды.

Академик Алтай Бөрүбаев буга чейин алтынды иштетүүдө элге, экологияга зыян тийип жаткан жокпу деген ой аны түйшөлтүп келгенин айтты.

«Жерүй кени ачылгандан тартып, алтынды өндүрүүдө жаратылышка, эл-журтка зыяны тийип калбагандай болсо экен деп келем. Бүгүн фабриканын, калдык сактоочу жайдын абалын көргөндөн кийин көңүлүм жай алып калды. Анткени алтынды бөлүп алууда башка кендерге салыштырмалуу акыркы техника менен жабдылган фабрика курулуп, калдык сактоочу жайы коопсуздук жагынан ишенимдүү экен», — деди ал.

Талас облусунун мурунку губернатору Искендер Айдаралиев өз сөзүндө алтын кенди иштетүү менен облустун экономикалык абалын жогорку деңгээлге чыгарса болоорун баса белгиледи.

«Биз таластык аксакалдар мындан мурун Жеруй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилигинен кенди казудагы иштер менен тааныштыруусун өтүнгөнбүз. Бүгүн келип көрүп жатабыз, алтын ылгоочу фабрика заманбап экен. Калдыктар суюктук түрүндө эмес, кургак чыгарына күбө болдук. Компания экологияга терс таасирин тийгизбей,бүгүнкү күндөгүдөй баардык нормаларды сактоо менен иш алып барган болсо, түшкөн каражаттан облуста жакшы иштерди жасаса болот. Облус гана эмес мамлекет дагы бир гана пайдасын көрөт», — деди Айдаралиев.

Компания тарабынан сунушталып жаткан Талас облусунун стратегиялык өнүктүрүү планы менен коомдук ишмерлер тегерек стол үстөндө таанышып, талкуу жүргүзүштү.

«Стратегиялык өнүктүрүү планы абдан жакты. Эгер ушунун баары ишке аша турган болсо Талас облусу гүлдөгөн облуска айланат эле. Компаниянын мындай кадамы мактоого татыйт» деген КРнын Куруучулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев өзүнүн дагы бир катар сунуш-пикирлерин компанияга айта кетти. 2 саатка созулган талкуунун жыйынтыгында коноктор планды жактырышып, бир добуштан колдоого алышты.

Жолугушуунун соңунда аксакалдар металлургдар күнүнө карата «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан өткөрүлүп жаткан спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышып, кен казуу ишинде иштеген кызматкерлерге куттуктоо сөзүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE