Пример HTML-страницы

Таластык Мурадил уулу Ынтымак Түркияда өткөн жаа атуу боюнча мелдеште 2-орунду камсыздады

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркияда өткөн жаа атуу боюнча мелдеште Таластын салбуурун чебери 2-орунду камсыздады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнөн билдиришти.

«25-29-май күндөрү Түркияда «Фетих купасы» аталышындагы салттуу жаа атуу боюнча мелдеш уюштурулду. Ага дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн келген 126 жаачы катышты. Биздин айылдын тургуну, салбуурун оюнунун чебери Мурадил уулу Ынтымак 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. 1-орунду Вегриядан келген мергенчи камсыздаптыр. Биздин мергенчибиз андан 1 упай аз алып калгандыгы белгилүү болду. Мындан ары да Ынтымак көптөгөн ийгилктерди багынтып, кыргыз элинин желегин желбирете беришине тилектешпиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE