Пример HTML-страницы

Таластагы кыздардын экинчисинин да денеси табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында сууга агып кеткен кыздардын экинчисинин да денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчыга Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 2009-жылы туулган А.Т. менен 2008-жылы туулган Р.Д. кечинде сууга агып кеткени маалым болгон. Бүгүн, 25-июнда 2009-жылы туулган А.Т.нын жансыз денеси суудан табылган. Экинчиси изделип жаткан болчу. Анын денеси жергиликтүү тургундар тарабынан бүгүн саат 17:30да табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE