Пример HTML-страницы

Таластагы абакта асынып алган адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-октябрь күнү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу изоляторунда асынып алган адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган түзүмдөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, убактылуу кармоочу жайда КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен шектелип кармалган Талас шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Р.У. камерада өзүн-өзү кийип жүргөн футболкасына асып каза болгон. Милиция кызматкери анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган. ОИИБдин ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшеришти. Аталган факт Талас ОИИБде катталып, кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

  • Бүгүн, 31-октябрда түштө Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып отурган адам асынып алганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE