Пример HTML-страницы

Таластагы 4488 метр бийиктиктеги Манас чокусунда туу орнотулуп, «Манас» айтылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush24-25-июнь күндөрү Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылындагы, Манас жана Чыңгыз чокуларынын жакасында жайгашкан Кочкор-Ата жайыгында «Куттуу элдин урааны Манас» аталышындагы республикалык форум жана манасчылардын, төкмө акындардын эл аралык фестивалы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, анын алкагында альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов баштаган 12 альпинист Манас чокусуна чыгып, Кыргыз Республикасынын туусун орнотушту. Аскага чыгуу үчүн 10 саат убакыт кетти, ал эми кайра түшүүгө 7 саат убакыт сарпталды.

«Биз саат таңкы 4:00до альпинисттик командабыз жана жаш манасчы жигит менен бирге жолубузду баштадык. Саат 12:57де чокуга чыктык. Манас чокусу аябай татаал чоку. Биз жаңы маршрут түзүп, мурунку жеңил жол менен барган жокпуз. Жол татаал экен. Чокуга Кыргыз Республикасынын желегин орнотуп жана биздин айкөл Манасыбыздын тамгасын койдук. Ошол жерде 15 минута ичинде жаш манасчыбыз манас айтты. Биз бара жаткан учурда күн бир ачылып, бир күн бүркөлүп турган учур болду. Биз чокуга желекти орнотуп, Манастын тамгасын орнотуп жатканда күн ачылды. Бул аябай касиеттүү жер. Баарыбыз аман-эсен түштүк.

Чокунун бийиктиги 4488 метр экен. Мурун 4484 метр деп айтылчу. Бирок биз ченеген учурда чоку 4488 метр бийиктикте болуп чыкты», — деди Эдуард Кубатов.

Манас чокусун багындырган жаш манасчы Муса уулу Төлөбектин айтымында, чокудан Семетей атабыздын Таласка келген жерин айтып берди.

«Кыргыз тарыхында биринчи жолу касиеттүү Манас чокусунда улуу «Манас» баянын жаңыртып келдик. Чындап келгенде мындай бийиктикте «Манасты» айтуу чындап оор болду десем жаңылышпайм. Бул убакка чейин эскертишкен. Бардык сунуштарына макул болуп чыгып келдик. Мен «Манастан» Семетей атабыздын Таласка келген жерин айтып бердим. Чокуга чыккан учурда, желекти орноткондо күн чайыттай ачык эле. Ал эми «Манасты» айтып бүткөн соң бурганактап кар жаады. Бул дагы бир касиет. Бул Манас атабыздын жакшылыкка жышааны.

Бара жатканда топ-топ болуп жүрдүк. Топтун алдында да, артында да жүрбөй ортосунда бардым. Альпинист байкелердин жардамы менен аскага чыктым. Мен чокуга чыгуу үчүн физикалык жана психикалык жактан кароолордон өттүм. Бардык даярдыктан өттүм. Жолдо тынымсыз жүрдүк», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE