Пример HTML-страницы

Таласта жол эрежелерине байланыштуу айып пулдар жогорулагандан бери 8 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда жол эрежелерине байланыштуу айып пулдар жогорулагандан бери 1 аптада 8 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«8-марттан баштап айып пулдар жогорулаган. Ошол күндөн тарта 14-мартка чейин бизде 200 административдик протокол түзүлүп, мас абалында 8 айдоочу кармалган. Терезелерин караңгылатып алган 1 айдоочу жана унаа менен бейбаштык кылган 1 учур катталган. Буга чейин айдоочуларга бир нече ирет түшүндүрүү иштери жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

————————————

Өлкөдө 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Эреже сактабаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу мыйзамына президент Садыр Жапаров кол коюп, ал күчүнө кирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар 1 жылдан 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Айдоочуларга берилчү жазалардын дагы башка түрлөрү:

— унаа башкарууга укугу жок жаран ичип алып рулга отурса буга чейин 15 миң сом айып салынса, мындан ары үч суткага камалат;

— спирт ичимдигин ичкендигин аныктоочу текшерүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоочулук күбөлүгү жоктор беш суткага камакка алынат;

— мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин 20 миң сом айып салынган же беш суткага чейин камалган;

— унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса мурда айып пул 5500 сом болчу, эми 15 000 сом, 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мүмкүн эмес;

— жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө мурда 3 000 сом, эми 5 500 сом;

— белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса мурда 5 500 сом, эми 7 500 сом;

— белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса мурда 7 500 сом, эми 15 000 сом;

— каршы тилкеге чыгып айдаса мурда 5500 сом, эми 15 000 сом. Кайра кайталанса жарым жылга күбөлүгүнөн ажыратылат;

— унаа бейбаштыгы боюнча айып пул мурда 7 500 сом болсо, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

— айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;

— айып пулду 70 пайыздык арзандатуу менен 15 күндө төлөшсө, эми бир айга чейин узартылды;

— мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;

— жасалма номур менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат;

— бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE