Пример HTML-страницы

Таласта жергиликтүү тургундар тоо эчкилеринин үйүрүн жакындан көрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта жергиликтүү тургундар тик эңкейиште Сибирь теке-эчкилеринин анча чоң эмес үйүрүн көрүштү. «Биз унаанын кабинасынан жаныбарларга байкоо салдык. Аба ырайынын начардыгы аларды төмөн жакка айдап келген окшойт. Теке-эчкилердин тик аскаларды бойлоп баратканын көрүү — абдан кызыктуу», — деп белгилешти күбөлөр.

«Тоо эчкилери туяктарынын уникалдуу түзүлүшүнүн аркасында эң тик аскаларды бойлоп, ушунчалык чебер кыймылдай алышат. Алардын туяктарынын четтери абдан катуу, бирок ичи жумшак. Күчтүү сандары менен айкалышып, аскадагы эң кичинекей кырга бекем жабышып, эң тик эңкейиштерде чоң секириктерди жасоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, көздөрү абдан курч болгондуктан, тоо тектеринин таяныч чектерин таап, так аныктай алышат», — дейт эколог Александр Сидоренко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE