Пример HTML-страницы

Таласта УКМК менен ИИМ 5 жигитти кармаган. Сот аларды камакта калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 3-сентябрда Бакай-Ата райондук сотунда УКМК жана ИИМ тарабынан кармалган 5 жарандын баш коргоо чарасы каралды. Отурум түнкү саат 02:30га чейин созулду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, 5 шектүү 2 айга камакка алынды.

—————————————————

3-сентябрга караган түнү Талас шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аллеяда шектүүлөрдүн жакындары чогулган. Чогулгандардын арасында кармалгандардын ата-энелери, бир туугандары жана айылдаштары бар.

Алар 5 жаранды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен чогулгандарын билдирген болчу.

Видео социалдык тармактарга тарады:

Буга чейин Turmush УКМК жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Таласта төрт жаранды коркутуп, сабаган шектүүлөр кармалганын жазган.

Милициянын маалыматына караганда, 2023-жылдын 1-сентябрына караган түнү социалдык тармактарда белгисиз жарандарды коркутуп жаткан видео тасма тараган. Видеодон беттери кан болгон жарандарды Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү оюнунун аягында болгон чатакты себеп кылып, коркутуп жатышканын көрүүгө болот. Видеонун авторлору Оштун тургундарын жолдон өткөрбөйбүз деп коркутушкан.

Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы унаа жолго атайын посттор коюлган.

Талас ОИИБдин кызматкерлери УКМК менен биргеликте ыкчам иш алып барууларынын негизинде окуяга тийиштүү жарандар аныкталды. Видеодо беттери кан болуп турган 4 жаран Ош облусунун тургундары жана «Фольксваген-Гольф» үлгүсүндөгү автоунаа менен Россия Федерациясынан чыгып, Казакстан Республикасынан өтүп, Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолу аркылуу Ош облусуна кетип бара жатканы аныкталды.

1-сентябрь күнү жарандарды коркутуп сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө камсыз болгон.

Алар Талас облусунун 1995-жылы туулган тургундары — М.уулу Н, Р.Б., К.уулу Ш., А.А., Р.Б. экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE