Пример HTML-страницы

Таласта бүтүрүүчүлөрдүн колонна болуп бараткан унаалары кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Айтматов районунда жолдо автоээнбаштык кылган бүтүрүүчүлөрдүн 4 унаасы кармалды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочуларга Укук бузуулар кодексинин 198-беренесинин (автоээнбаштык) негизинде 15 миң сомдон айып пул салынды.

«Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө жана тыюу салынганына карабастан, мектеп бүтүрүүчүлөрү автоунааларды жалдап алып, автоунаалардын терезелеринен чыгып, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн унаалары айып унаа короого токтотулду. Ар бир автоунаага 15 000 сомдон айып пул салынды. Ээнбаштык менен колонна болуп кетип бара жаткан бүтүрүүчүлөрдүн 4 автоунаасы кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Алар Талас облусунун Айтматов районунун Бакыян айылындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү экени такталды. Окуя 24-июнь күнү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE