Пример HTML-страницы

Таласта атаандашынын тай казанына ашыгып бараткан көк бөрүчү аттан учуп кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-январда Талас облусунун Айтматов районунда көк бөрү боюнча облустук турнирдин алкагында райондук командалар арасында мелдеш өттү.

Ага облустун 4 районунан 8 команда — улуу муундагылар арасында 4 команда, жаштар арасында 4 команда катышууда.

Күбөлөрдүн айтымында, Бакай-Ата жана Айтматов райондорунун командалары оюнда тең чыгып, буллит (пенальти сериясы) дайындалган.

Айтматов районунун командасынын оюнчусу — 1995-жылы туулган Илгис уулу Кушчубай атаандашынын тай казанына улакты ыргытуу үчүн Гайтун аттуу аты менен тай казанды көздөй катуу ылдамдыкта чаап бара жатып, аты менен тай казанга урунуп, аттан учуп кеткен.

Оюн токтоп, башка оюнчулар жана көрүүчүлөр оюнчуга жардам берүү үчүн тай казанга чуркашкан. Ат майданда нөөмөттө турган Айтматов райондук ооруканасынын тез жардам кызматы улакчыга биринчи жардам көрсөтүштү. Ал жеңил жаракат алып, ооруканага жатуудан баш тарткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE