Пример HTML-страницы

Таласта өтүп жаткан рейдде Манас районундагы тургундар өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды тапшырууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун аймагында ички иштер органдары тарабынан «Арсенал»рейддик иш чарасы жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барууда.

Рейддин максаты — облус аймагында жарандарда мыйзамсыз сакталган, документтери жок же таап алган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды аныктоо.

Милиция кызматкерлери атайын топторго бөлүнүп, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ок атуучу куралдары бар жарандарды текшерүүгө алды. Анда ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сактоо шарттары, тийиштүү иш кагаздарынын толуктугу жана алардын кандайдыр бир кылмыштарга тиешеси бардыгы же жоктугу текшерилүүдө.

Рейддин жүрүшүндө Манас районунда жарандар өз ыктыярлары менен куралдарды тапшырууда. Милиция кызматкерлери өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга иш кагаздарын мыйзамга ылайыктап, каттоо иштеринде жеңилдик болоорун билдирүүдө.

Рейд бардык райондордо жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE