Пример HTML-страницы

Түптө 7-класстын окуучусу Акмаанай өз өмүрүн тобокелге салып, жаш баланы куткарып калды

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп суусунда агып бараткан баланы сактап калган Нурлан кызы Акмаанайга ыраазычылык кат тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 ай мурун сууга агып бараткан баланы А.Карымшаков атындагы орто мектеби 7-классынын окуучусу Акмаанай куткарып калган.

Буга чейин Акмаанай Ѳзгөчө кырдаалдар министрилиги тарабынан сууга чөгүп бараткан жаранды куткаргандыгы үчүн медаль менен сыйланган.

Акмаанайдын айтымында, Түп айылындагы автомектептин имараты жакта балдар менен ойноп жатканда, сууга агып бараткан 6 жаштагы баланы байкап калат. Ал жерден агымы катуу сууга кирип, агып бара жаткан баланы өз күчү менен суудан сүйрөп чыгарган.

Эс-учун жоготкон балага мектептен Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү үйрөткөн алгачкы жардамды көрсөтүп, көгөрүп калган баланы жандандырып, өзү тез жардам кызматын чакырат. Бир өлүмдөн аман калган баланы Акмаанай тез жардам кызматына жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларына тапшырат.

«Жаш баланы өлүмдөн аман алып калган эр жүрөк кызыбыз Нурлан кызы Акмаанайдын эрдиги жалпыга өрнөк болмокчу. Акмаанайдын эрдиги 1-сентябрь билим күнү мектептин окуучуларынын астында дагы бир жолу даңазаланат», — дейт район акиминин орун басары Эрмекан Дюшебаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE