Пример HTML-страницы

Түптүк Тунук кол өнөрчүлүк менен бирге таттууларды жасоону өздөштүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын 17 жаштагы тургуну Тунук Асекова шуру, мончоктон кыздардын ар кандай буюмдарын жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Асекова Тунук Кеңешбековна 2005-жылы туулган. Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу эжеси аркылуу келген. Учурда буюмдарды интернет аркылуу көрүп жасайт.

«Алгач кол эмгек боюнча кошумча сабакка барып жүрдүм. Кол өнөрчүлүктүн сырларын мугалимден үйрөндүм десем болот. Андан ары бул өнөрдү өз алдынча өнүктүрүүнү колго алдым», — деди ал.

Тунук азыркы тапта кандай буюмдарды жасап жаткандыгын айтып берди.

«Негизи колье, тажылар колго жасалат. Алардын жасалышынын татаалдыгына жараша убакыт кетет. Ошондой эле билериктерди жасайм, аларды атайын станокко салып, жасап келем. Буюмдар кеткен материалга жана эмгекке жараша бааланат. Станокко жасалган браслеттер тез бүткөндүктөн баалары да башка буюмдарга салыштырмалуу арзан. Сатыкка 200-250 сомдон чыгат», — деди ал.

Буюмдар жасалган оордугуна жараша 100 сомдон 1000 сомго чейин баалайт. Аларды көбүнчө айылдаш кыздары үлпөт тойлорго, жаңы жылдык кечелерге жана майрамдарга алышат.

«Сапаттуу материалдан жасалсын деп, керектүү материалдарды апам Бишкек шаарынан алып келип берет. Негизи мага уузчулук өнөр апамдан өткөн окшойт. Апам да, таенем да, кол өнөрчүлүккө жакын. Таенем кийизден оюндардын түрүн ойсо, апам үй буюмдарын жасап келет», — деди ал.

Жасаган буюмдарын көргөзмөлөргө коюп, сынактарды багынтат. Ошондой эле таттууларды да буйрутмага жасап, айылдаштарынын жакшылыктарына тең ортоктош болот.

«7-класста окуп жүргөндө, Бишкек шаарынан эжем айылга келди. Анын кулинардык билими бар. Таттуунун түрүн жасайт. Ошентип эжем тортту жасоо сырлары менен бөлүштү. Учурда убактым болсо буйрутма алып, 500-700 сомго айылдаштардын мааракесине торт жасап берем. Бирок көп убактымды кол өнөрчүлүккө арнайм. Анткени келечекте мыкты дизайнер болууну каалайм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE