Пример HTML-страницы

Түптүк А.Сейизказиев балды тонналап өндүрүп, килограммын 500 сомго чейин сатууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын 66 жаштагы тургуну Адылбек Сейизказиев ардактуу эс алуу мезгилин бал челек кармоо менен өткөрүүдө. Ал 5 жылдан бери өндүрүлгөн продукцияны Казакстанга экспорттоп жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, балалык чагы айыл жергесинде өтүп, чарбачылыкка кызыкчу.

«Мен өзүм Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Балалык мезгилимди айыл жергесинде өткөрүп, М.Элебаев атындагы мектепте билим алдым. Окуу жайды аяктагандан кийин автобазада айдоочу болуп эмгектенип жүрдүм. Кийинчерээк союз ыдырап, өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан кийин Түп районундагы токой чарбада эмгектендим. Өзүм бала кезимен эле чарбачылыкка кызыгат элем. Эмгек жолумда өзүмө керектүү эң жакшы тажрыйба топтой алдым. Ошентип, 1990-жылдан тарта токой чарбанын питомнигинде иштеп жүрүп, 4-5 жыл мурун ардактуу эс алууга чыктым. Ал арадан бери үйдө бош жүрбөйүн деп, бал челек кармап, аары багууну эрмек кылып алдым», — деди ал.

А.Сейитказиев байбичеси экөө 5 кыз жана 2 уулду тарбиялап, 20дай небере күткөн. Балдарды бапестегендей эле, аары чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө мамиле керек экенин айтты.

«Мен өмүрлүк жубайыс менен 1980-жылы баш коштум. Байбичем үй кожойкеси, экөөбүз жети балалуу болуп, таалим-тарбиябызды бердик. Уул үйлөп, кыз узаттык. Анан пенсия курагына келип калганда, өзүм кыялданып жүргөн аары чарбасын колго алууну туура көрдүм. 5-6 жылдан бери бал челекти баштап, учурда 40тай кутуча бар. Анын ар биринде 30-40 миңдей аары болот. Бал челектин иши өтө татаал дегенден алысмын, каалоосу күчтүү адамдар колго алса болот. Болгону эне аарыны алмаштырып, асылдуулугун колго алып турса болот. Мен болсо талаа түздүккө көчпөйм, өзүбүздүн огород тоолуу жерде орун алгандыктан жашоо шартыбыз аары багууга өтө ыңгайлуу. Кыштын камын жайкысын көрүп, аарыларга азык камдап алабыз. Ал эми кышкысын жыгачтан кутучаларды жасап даярдайбыз. Бал өндүрүүнүн аркасынан кубалабайбыз. Сезондо бир тонна бал алсак да ошону жакындарыбызга, Казакстанга Кеген аркылуу каттап барып, килограммын 500 сомго чейин сатып келебиз», — деди ал.

Быйыл абаырайына байланыштуу сезон орто болорун кошумчалаган балчы баалар 500 сомго чейин кымбаттарын белгиледи.

«Бал өндүрүү да аба ырайынан көз каранды. Быйыл балдын килограммы 500 сомго чейин көтөрүлүүсү ыктымал. Себеби жаз мезгилинде суук болуп, алма өрүктүн гүлдөрү үшүп кетип, аарыларга да терс таасирин тийгизип, жылдагыга салыштырмалуу артта калды. Андыктан быйыл балдын килограммы 500 сомго чейин көтөрүлүүсү мүмкүн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE