Пример HTML-страницы

Түп районунун акиминин орун басары Данияр Сатаров кызматтан кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун акиминин биринчи орун басары Данияр Сатаров ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал жумуштан кетүү боюнча арызын үстүбүздөгү жылдын 20-февралында жазган. Натыйжада бүгүн, 4-мартта буйрукка кол коюлду.

«2019-жылдын жай айынан бери аркалап келген кызматымдын сапары карыды. Иштеген учурда көптөгөн саналаш, сапарлаш, дос, теңтуш күттүм. Райондун өнүгүүсүнө салымымды кошууга болгон күч аракетти жумшадым (убагы келгенде эл таразалайт). Иштеген учурда жаш болсом да, мага ишенип кызматка алып келген Элчибек Жантаевге, агадай жол көрсөткөн Бахтияр Акимбаевге, иш тажрыйбасы менен дайым бөлүшүп келген Каныбек Адиевке, ошондой эле жалпы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамаатына, район активине ыраазычылык билдиремин. Ишибиз илгери болуп, Кыргызстаныбыз өнүгө берсин», — деп жазган Д.Сатаров

Буга чейин Turmush басылмасы Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык, бир катар акимдин орун басарлары кызматтан алынганын жазган.

Алар:

— Абдугулов Бактыбек Нурбекович — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары;

— Баялиев Зина Кадыркуловна — Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары;

— Сатаров Данияр Сатарович — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары;

— Султангазиева Гүлжамал Абалиевна — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары.

Толук маалымат бул шилтеме

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE