Пример HTML-страницы

Сузакта социалдык шаарча курулуп, 96 жалгыз бой эне үйлүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында «Үмүт» социалдык шаарчасы курулуп, 96 үй-бүлө турак жайлуу болду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, шаарчанын ачылыш аземине президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.

Үч бөлмөдөн турган 96 турак жайда жашоочулар үчүн шарт түзүлүп, өзүнчө душ бөлмөсү, от жагуучу меш жана короосу бар. Бардык батирлерге керектүү эмеректер, үй тиричилик техникалары, төшөнчүлөрү берилди.

Шаарчаны куруу үчүн Кызыл-Туу айыл аймагынан 2,5 гектар жер бөлүнгөн. Жергиликтүү бюджеттен да акча каражаты каралып, көчөлөрүнө шагыл төшөлүп берилди. Демөөрчүлөр турак жайдын курулушун май айында баштаган. Шаарчада тигүүчү цех, ФАП, футболь аянтчасы да курулган. Шаарчадагы үйлөр экиден көп баласы менен жолдошунан ажырап калган жалгыз бой энелерге берилди. Ошондой эле 2 жаштан 16 жашка чейин балдарын кыйналып багып жүргөн энелер эске алынган. 16 жашка чейинки балдарга демөөрчүлөр айына 4 миң сомдон жөлөк пул берүүнү да карап жатышат. Мындай колдоого шаарчадагы 300дөй балага көрсөтүлүшү мүмкүн.

Буга чейин Ноокен районунда социалдык шаарча курулган. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, учурда облуста дагы 2 шаарча курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE