Пример HTML-страницы

Сузакта 23 жаштагы Розаханды туугандары таппай жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сайпидин Атабеков айыл аймагындагы Бек-Абад айылынын тургуну — 2000-жылы туулган Розибаева Розахан Яхёевна дайынсыз болууда.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 18-май күнү саат 10:00 чамасында «тишимди дарылатып келем» деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда Розахан Розибаеванын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, өңү сары жүздүү, кашы, көзү, чачы кара түстө, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында кара жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк, бутунда ак түстөгү спортук бут кийим.

Розахан Розибаеваны көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы барлар 102, (03748) 5 02 09, 0706 23 85 23, 0558 16 16 91 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE