Пример HTML-страницы

«Сузак тазалык» ишканасынын маселеси сотто каралууда

Акыркы жанылыктар

Turmush«Сузак тазалык» муниципиалдык ишканасы мыйзамсыз таштанды полигонуна таштанды төгүп, жер кыртышын бузгандыгы үчүн 900 миң сом доого жыгылып, иш биринчи истанцияда каралууда. Бул тууралуу Турмуш басылмасына Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Нурлан Юсупов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү облус аймагында таштанды полигондорун мыйзамдаштырып, иретке келтирүү максатында иш аракеттер көрүлүп жатат.

«Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы таштанды полигондорун кыдырып, алардын документтерин текшерип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында экологияны сактоо жана таштанды таштоочу жайлардын документтерин мыйзамдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Сузак районунун Топурак-Бел участкасында 2 гектар жерди айыл өкмөттүн убактылуу чыгарган токтомунун негизинде эле таштанды төгүүчү жай катары «Сузак тазалык» муниципилдык ишканасы тейлеп келет. Бирок бул жай полигон катары талапка жооп бербейт. Биздин инспекторлор 2022-жылдан бери бул ишканага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан соң 23 миң сом айып пул салганбыз. Бирок мекеме айып пулду төлөбөгөндүктөн туум акчасы көтөрүлүп, 46 миң сом айып пул өндүрдүк. Бүгүнкү күнү полигондун жалпы аянты эсептелип, таштанды ташталып, жер кыртышы бузулгандыгынан улам 900 миң сом зыян келтирилди деп сот органдарына кайрылганбыз. Бүгүнкү күнү бул иш Сузак райондук сотунда каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 48 таштанды таштоочу жай бар. Алардын ичинен бардык документтери бар мыйзамдуу полигондордун саны 15ти түзөт. Талапка жооп берген таштанды полигону төмөнкүдөй критерийлерге жооп берүүсү абзел.

1. Таштанды полигонунун айланасы тосулушу керек;

2. Таштанды таштоочу жай трансформациядан өтүп, мамлекеттик акты алышы зарыл;

3. Ал жер экологиялык экспертизалардан өтүп, ЭКО паспорт алышыны керек;

4. Полигон аймагана кире турган жерге пост орнотулуп, ар бир кирген унаа катоого алып, бир күндө канча тонна таштанды төгүлүп жатканы жазылуусу абзел;

5. Төгүлгөн таштандылар ирээтелип турушу шарт.

Ал эми «Сузак тазалык» муниципиалдык мекемесинин жетекчиси Илязбек Мырзаев сөз болуп жаткан полигон 2015-2016-жылдан бери иштеп келгенин, 2021-жылдан бери мекеме көзөмөлүнө алганын айтты. Ушул тапта жаңы полигон куруу үчүн 5 гектар жер тилкеси бөлүнүп, документтери даярдалып жатанын кошумчалады. «Сузак тазалык» муниципалдык ишканасынын 10 миңден ашык абоненти бар. Бирок мекеме алардын 3 миңдейин гана тейлеп келет. Ал эми таштанды полигонуна 1 күндө орто эсеп менен 40 тонна таштанды төгүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE