Пример HTML-страницы

Сокулукта ок атылып, адам өмүрү кыйылган окуя боюнча жаңы маалыматтар

Акыркы жанылыктар

TurmushУчурда Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында абал тынч, деп билдирди райондук администрация Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

«Айылда учурда кырдаал тынч. Ок аткан киши окуя болгон жерден дароо изин жашырып кеткен. Учурда изделип жатат. Ок атылганда бир киши каза болуп, дагы бир киши жаракат алды. Окуя тууралуу дагы териштирүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат акимиаттын маалыматында.

Чырдын башы спорт залдан эки жигиттин ортосунда чыккан. Аларга болушкан ата-энелердин ортосунда мушташ чыгып, бирөөсү ок аткан.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн маалымат алды.

Анда: «22-сентябрда Жогорку-Чыгыш жана Төмөнкү-Чыгыш айылдарынын тургундарынын ортосундагы окуяда 1954-жылы туулган А.А. аттуу жаран каза болду. Окуя жума намаздан кийин Дагестан көчөсүндөгү үйдүн жанында болгон. Жашоочулардын айтуусунда, окуя учурунда 1990-жылы туулган Г.А.Ю. аттуу жаран дагы октон жаракат алды. Ал учурда ооруканада. Ок аткан киши 1982-жылы туулган А.К.К. экени айтылды», — деп айтылат.

ИИМдин маалыматы:

Бүгүн, 22-сентябрда Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында ок атылып, адам өмүрү кыйылды. Экинчи жабырлануучу учурда дарыгерлердин кароосунда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер айылындагы жашоочунун жансыз денеси жеткирилген. Анын денесинде мылтыктын огу болгон. Маркум 1954-жылы туулган А.А. (эркек киши) экени такталды.

Аталган клиникалык ооруканага Жаңы-Жер айылынын дагы бир тургуну — 1986-жылы туулган Г.М. октон алган жаракат менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Бул факт Сокулук Сокулук РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталды.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болгону, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандык деген шылтоо себеп экени аныкталган. Учурда окуянын бардык катышуучулары такталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди ИИМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE