Пример HTML-страницы

Раззаков шаарынын «Тазалык» ишканасына 4,5 млн сомго жаңы техника алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushРаззаков шаардык мэриясынын алдындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасына 4,5 млн сомго жакын суммага таштандыларды чыгаруучу «Хово» үлгүсүндөгү жаңы техника алынды.

Маалым болгондой, аталган техниканы сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1,3 млн сом бөлүнсө, калган акчаны «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» каржылаган. Шаар аймагында таштандыларды таштоочу 40 даана үкөктөр даярдалып, 24 даанасы шаар ичине орнотулган. Бул иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 708 миң 238 сом акча каралган.

2023-жылы «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» аркылуу 100 даана таштанды урна алуу пландалууда. Ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчуларына 133 миң 250 сомдук атайын кийимдер да жергиликтүү бюджеттен алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE