Пример HTML-страницы

Өзгөндө 700 кг кара куурай өрттөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунун аймагында 700 килограммга жакын жапайы куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын топ түзүп, иш алып барууда. Мындай иш-чара 2023-жылдын 30-июнь күнү Өзгөн РИИБдин Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Куршаб айыл өкмөтүндө өткөрүлдү. Алар табигый же атайын өстүрүлгөн баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү табуу жана жок кылуу боюнча 20 сотых жерди изделип, 700 килограммга жакын жапайы өскөн кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында мындай иш-чаралар улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE