Пример HTML-страницы

Оштун тургуну Жаныбек Кадиев эмнеге нааразы?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын тургуну Жаныбек Кадиев 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад окуясына тиешеси бар адамдарды камап, жоопко тартуу керектигин айтып, бүгүн, 10-июнь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, бир аймакта жашаган эки улутту уруштуруп, ынтымагын ыдыраткандар 12 жылдан бери жазага тартылбай жүрүшөт. 2010-жылдагы кандуу окуяда бир тууган иниси снайпердин огунан мерт болгон. Ал бул окуяга ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да күнөөлүү деген пикирин билдирди.

«Быйыл Ош окуясына 12 жыл болду. Биз азыркы президенттен өлкө башчы болор алдында Ош окуясына чекит коюп берүү боюнча талаптарды жөнөткөнбүз. Ушул маалда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн суракка чакырып, ишти сотко өткөрөлү деп жатышат. Мен окуя башталганда Ош шаарындагы А.Масалиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандарды — эки элди жараштыруу максатында 2 күн бою турдум. 13-июнь күнү Жалал-Абаддан мага «иниң өтүп кетти» деп кабар келди. Барсам бир тууган иним Кадырбек Кадиев 30 жерине ок жептир. Үч снайпердин огу башына тийген, калганы чачма майда октор», — деди ал.

Анын айтымында, бул окуядан кийин маркум Кадырбек Кадиевдин апасы жана жубайы күйүттөн каза тапкан. Атасынын канга боёлгон денесин көргөн 12 жаштагы баласы психологиялык жактан жабыркап, ушул убакка чейин дарыгерлердин жардамы менен жашап келет.

«Апам Адиева Марал баласынын өлүгүн көргөн. Мен инимдин сөөгүн өз колум менен жуудум. Канга боёлгон денесин көрүп, апабыз 2 жыл бою боздоп, менин жүрөгүмдү сыздатты. «Ушул балам өлгөнчө, мен өлсөм болмок эле» деп буркурап ыйлап жүрүп, 2011-жылы күйүттөн өлдү. Мен болсо, ушул убакка чейин стресстен чыга элекмин. Апамдын ыйлаганы көз алдыма келет. Аялы Канайым Кадиева 2 жыл мурда күйүттөн каза болду. Психикалык жактан жабыркап, мээсинен операция болгон. Ошол убактагы 12 жаштагы баласы Жеңиш Кадиев ушул күнгө чейин жылда эки ирет психикалык жактан ооруган бейтаптарды дарылоочу ооруканада дарыланат. Жанында дары алып жүрөт. Мына кесепети. Мага окшогон 500 адамга тийгизген кесепеттери канча. Булардын жакындары күйүттүн азабынан боздоп жүрүп, каза болушту», — дейт Кадиев.

Жаныбек Кадиев Ош окуясынынан 12 жыл өтсө да, күнөөлүүлөр мыйзам алдында жоопко тартылбай жатканына нааразы.

«12 жыл өтсө да, элдин күйүтү сууй элек. Жүрөгүндө кара так менен жазылып калды. Буларга укуктук баа берилиши керек. Эмне үчүн укуктук баа берилбейт? Ош окуясында 10 миңден ашуун адам жарадар болгон. 20 миңден ашык үй күйгөн. Бизде 100дөн ашык улут жашайбыз. Кылымдар бою жашап келе жаткан эки элди уруштургандар жазасын алышы керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE