Пример HTML-страницы

Оштогу студент кыздардын эс алуусу трагедия менен аяктады. Алар тайпалаш болчу

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Сара-Таш—Эркеч-Там жолундагы кырсыктан каза болгон 3 студент кыз акыркы сапарга узатылды.

Маркум кыздар бир тайпада окуганын Ош мамлекеттик университетинин проректору Нуржамал Мапаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Биздин окутуучулар окуя болгонун уккандан кийин дароо ооруканага барып, кыздардын ата-энелеринен кабар алышты. Окуя окуудан сырткаркы учурда болгон. Айдоочу кыз жакында эле айдоочулук күбөлүк алган экен. Үйүндөгүлөрдүн унаасын айдап чыгып, эс алууга барып, кечирээк кайтып келе жатып, ушул окуяга туш болуп калышты. Кыздар туулган айылдарында жерге берилди. Баары дүйнөлүк тилдер факультетинин 4-курсунун студенттери болчу», -деди ал.

Ош облустук оорукасынын маалыматы боюнча, жол кырсыктан жаракат алган жалпы 3 бейтап келип түшкөн. Ал эми 3 жаран ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калгандыктан түз эле мейитканага жөнөтүлгөн.

«Учурда эки бейтап ооруканада дарыланууда. Ооруканага келген күнү жандандыруу бөлүмүндө жатып, кечээ бөлүмгө которулду. Бир бейтаптын абалы жакшы болгону үчүн амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush Ош—Сара-Таш—Эркеч-Там (Каратай айылы) унаа жолундагы кырсыктан Кара-Кулжа жана Алай райондорунун 3 тургуну каза болгонун жазган.

Кырсык 20-сентябрда саат 17:00 чамасында унаа жолдун 20-чакырымында катталган. Анда Алай районунун Чыйырчык жайлоосунан Ош шаарын көздөй бара жаткан «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, өз жолунда келе жаткан жүк ташыган унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Хонданын» айдоочусу жана анын эки жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Жеңил унаанын ичинде жалпы 6 адам болгон. Каза болгондордун үчөө тең студент кыздар. Алардын өздүгү такталып, экөө Кара-Кулжа районунун, бирөө Алай районунун тургуну экени аныкталды.

Оор жүк ташуучу унаага Өзбекстандын мамлекеттик номуру тагылган. Ал Оштон Алайды көздөй бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE