Пример HTML-страницы

Ошто «Moдерн Стиль» компаниясы курган тротуар 1 жылга жетпей чөгүп баштады. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Moдерн Стиль» курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн айланасындагы тротуарлар чөгүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

  • Көп кабаттуу үй А.Масалиев көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан.

Бул курулуш 2022-жылдын күз айларанда бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Арадан бир жыл өтпөй тротуарга төшөлгөн таман таштар сынып, чөгүп кеткен. Ошондой эле кудуктардын айланасы чөгүп жатканын көрүүгө болот.

Ош шаарынын тургуну Наргиза Ибраимованын айтымында, бул жолдор басып өтүүгө кооптуу болуп калды. Балдары ушул жол менен мектепте каттайт.

«Өзүбүз да бул жол менен басабыз. Албетте, минтип чөгүп жатканы кооптонтот. Тегиз жактары менен басканы аракет кылабыз. Буга чейинки жол тегиз болчу. Жаңы тротуардын курулганына аз эле убакыт болду эле. Сапаттуу курулса болмок», — деди Ибраимова.

Ош шаарынын курулуш тармагы боюнча вице-мэри Жасур Азимов аталган жолдордун курулушун жана андагы таман таштарды мэрия эмес, «Moдерн Стиль» компаниясы өзү курганын айтты. Бул боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алына турганын кошумчалады.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Модерн Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Исманов Канатбек Акбарович, түзүүчүлөрү — Исманов Кубанычбек Акбарович, Исманов Канатбек Акбарович. Компания 2021-жылы 13-декабрда кайра каттоодон өткөн. ЖЧК имараттарды жана турак жайларды куруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзөт.

  • Буга чейин «Модерн Стиль» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү Шарапаткан Мажитова болчу. Компания 2013-жылы 12-августта катталган.

    Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин мурунку («Ата-Журт» фракциясы) жана азыркы депутаты («Ынтымак» фракциясы). Учурда бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE