Пример HTML-страницы

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары корголбой жатканын айтып чыгышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28-сентябрда АКИпресс-Ошто «Стратегиялык соттошуу борбору» жана «Интеграция» коомдук фонддорунун жетекчилери, укук коргоочулар маалымат жыйын өткөрүштү.

Маалымат жыйында алар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары мыйзамда көрсөтүлгөн менен корголбой жатканын айтып, шарттарды аткарбаган мекемелерди сотко берип жатканын билдиришти.

«Стратегиялык соттошуу борбору» коомдук фондунун жетекчиси, жактоочу Сардорбек Абдухалиловдун айтымында, маалымат жыйындын максаты — мамлекеттик органдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ортосундагы кызматташууга жетүү.

«Биздин максат мамлекеттик башкаруу сектору менен жарандык сектордун өз ара аракеттенүү практикасын жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн татыктуу инфраструктурага, сот адилеттигине жетүү болуп саналат. Биз азыр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун бузган мамлекеттик ишканаларды сотко берүү алдында турабыз. Муну менен биз башка укугу бузулган, дискриминацияга кабылган жарандарга укугун коргосо боло турганын далилдейбиз», — деди ал.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча «Интеграция» коомдук фондунун жетекчиси, 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Марина Фегеле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кабылып жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтты.

«Алгач эле бул — инфраструктура. Тилекке каршы, бизде жалпы республика боюнча майыптар үчүн тоскоолдуксуз чөйрө дагы деле жок. Күн сайын элементардык арыктан өтүү, же бир жерге чыгуу боюнча кыйынчылыктарга туш болобуз. Ошондой эле билим берүү да жеткиликсиз. Себеби мектеп, мектепке чейин билим алуу да мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эффективдүү эмес. Бул мамлекттик органдар менен ортодо тыгыз байланыштын жоктугунан келип чыгууда. БУУнун конвенциясында белгиленген нормаларга жооп бере тургандай мыйзамдарды кабыл алууга даяр болушса, билим берүү, инфраструктура талаптагыдай болсо, башкалардын жардамысыз эркин болууга жергиликтүү бийлик, Жогорку Кеңеш биз менен кызматташып, шарт түзүп берсе деген ойду жеткиргибиз келет.

Быйыл Ош облустук сотунда бизге каралган шарттар боюнча мониторинг жүргүздүк. Сот адилеттүүлүгүнө жетем деген биздей жарандарга атайын пандустар, көзү азиздер үчүн Брайл шрифти жок, сүйлөй албагандар үчүн котормочу жок деген сыяктуу маселелерге туш болдук. Бийлик толеранттуу болуп, биздин көйгөйлөрдү угуп, шарттарды түзүп берет деген ойдомун», — деди ал.

Жактоочу Максатбек Жорокулов сотко эмне үчүн кайрылышканын айтып берди.

«Бүгүн Ош шаардык сотуна кайрыла турган иштер боюнча айтып өтсөм. Бизге Б.А. жана Марина Фегеле аттуу жарандар кайрылган. Аларды угуп, маселесин чечүүдө кээ бир тоскоолдуктарга дуушар болдук.

Б.А. 1-топтогу майып жигит. Бишкекке медициналык кароодон өткөргөнү баруу үчүн «Ош» аэропортунан учканбыз. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер, трамптан чыга албагандар үчүн амбулифт болуш керек болсо, «Ош» аэропортунда андай жок экен. Айла жок аэропорттун кызматкерлери көтөрүп чыгышты», — деди ал.

Ал күтүү залында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн даараткана да талапка жооп бербей турганын кошумчалады. Прокуратурага арыз менен кайрылып, маселе каралып, аэропорттун дааратканасы талаптагыдай болуп өзгөртүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE