Пример HTML-страницы

Ошто кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Акыркы жанылыктар

Turmush14-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгында ички иштер органдарында кызмат өтөп, иш учурда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара алгач кызмат учурунда курман болгондордун айкелине гүлчамбарларды коюу менен башталды. Андан кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына кѳңүл айтты.

«Кыргыз Республикабыз өз эгемендүүлүгүн алып, жаңы өлкө түзүлүп жатканда, ар кандай мыйзам бузуучулук, эл аралык террорчулук, уюшкан кылмыштуулук, криминалдык чөйрөлөр менен күрөшүүдө кыргыз милициясынын кызматкерлеринин эмгектери эбегейсиз зор болгон. Алар мамлекетибиздин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатканда баатырларча курман болушкан. Совет мезгилинде оор сыноолорду, Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу күндөрүн, Баткен окуясын жана 2010-жылдын апрель, июнь айларындагы каргашалуу күндөрүн башынан кечирүү менен, кыргыз милициясынын күжүрмөн кызматкерлери өздөрүнүн тайманбас эрдиктерин көрсөтүшүп, мезгилдин сынагынан өттү.

Эгемендүүлүк алганыбыздан тартып азыркы мезгилге чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын катарынан 30 кызматкер кызмат учурунда курман болгон. Алардын катарында милициянын полковниги Алиев Уран Маматканович, милициянын полковниги Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын полковниги Өмүрзаков Маматали Абдылдаевич, милициянын полковниги Маралов Жумабек Турсумаматович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурлан Жанышович, Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Шамурзаев Уран Жумаевич жана башка эр жүрөк кызматкерлер бар. Алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында жогорку сыйлыктарга көрсөтүлүп, ысымдары өздөрү туулган айылдын мектебине, кызмат өтөгөн ички иштер бөлүмдөрүнө, көчөлөргө ыйгарылып, жыл сайын алардын жаркын элесине арналып спорттук мелдештер өткөрүлүп келинүүдө. Алардын ысымдары Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, алар ар дайым элинин жүрѳгүндѳ! Алардын эрдигине баш ийип таазим этебиз. Алар ар дайым биз менен!», — деди ал.

Ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып курман болгондор жыл сайын 15-май күнү эскерилип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE