Пример HTML-страницы

Ошто күн суукта жолдор тайгак болуп, унаа кырсыктан жабыркагандар ооруканага түшүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында акыркы 3 күндүк суукта жолдор тайгак болуп, унаа кырсыктан жаракат алгандар болуп жатат. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын амбулатордук дарт аныктоо иштери боюнча жетекчисинин орун басары Алискендер Орозов айтып берди.

«Азырынча муздан жыгылып жаракат алган жарандар каттала элек. 3 күндүн ичинде бизге жол кырсынан жабыркаган 9 адам келген. Муз жолдо унаасын башкара албай ар кандай учурлар менен келишкен. Алардын баары орто курактагы адамдар. 2 адам оор абалда буттарынан жабыркап келген. Учурда аларды жандандыруу бөлмөсүнө жаткырганбыз. Калгандары жеңил жаракаты менен кайрылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп үйлөрүнө жибергенбиз. «Чыйырчык» базасына эс алгандар көп болот. Ал жакта жүргөндө коопсуздук эрежелеририн сактап өзүңүздөргө сак болуңуздар», — деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE