Пример HTML-страницы

Ошто бычакталган кош бойлуу келин курсагындагы баласынан айрылып, күйөөсү кармалды. Жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 23-августта түндө Ош облустук төрөт үйүнө бычактан жаракат алган кош бойлуу келин оор абалда жеткирилди.

Аталган төрөт үйүнүн башкы дарыгери Асылкан Асанова Turmush басылмасына билдиргендей, келинге сайылган бычак түйүлдүккө да зыянын тийгизип, аны сактап калууга мүмкүн болгон жок.

«Азыркы учурда келиндин абалы турукташып калды. Дем алдыруучу аппаратта болчу, аппараттан алынды. Кан токтоду, операция жасалды. Түндө бардык хирургдар жардам берди», — деди Асанова.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, аталган келин менен жолдошунун ортосунда пикир келишпестик болгон.

2023-жылдын 23-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз келип түшкөн. Анда 33 жаштагы С.И. аттуу жаран оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы боюнча билдиришкен.

Бул факты маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну — 40 жаштагы Л.И. өзүнүн үйүндө жубайы С.И. менен пикир келишпестиктен улам аны учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Бул окуядан кийин жабырлануучуну туугандары Ош облустук төрөт үйүнө жеткирген.

Бул жагдай боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуя боюнча күбөлөр суралууда.

2023-жылдын 24-август күнү аталган окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (кош бойлуу аялды өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыштын изи сууй электе шектүү кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE