Пример HTML-страницы

Ошто 23 жаштагы жубайын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

TurmushОш шаарында жубайынын өлүмүнө шектелип, изделип жаткан жаран кармалганын ШИИБдин басма сөз кызматы 4-апрелде кечинде билдирди.

Расмий маалымат боюнча, 2-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы Набережная көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясынын боюнан аялдын сөөгү табылган. Ал Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган тургуну экени такталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган күйөөсү кармалды.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө жубайын башка эркектен кызганып, аркасынан аңдып барганын айтты. Ошол күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде отурган жеринен көрүп, кызганычтан моюн тушуна бычак менен бир ирет сайып жиберген. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Ош ШИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам тобу шектүү жаранды колго түшүрүп, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE