Пример HTML-страницы

ОшМУда Лу Бань институту ачылат. Ал жерде IT адистери даярдалат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 15-июнда Ош мамлекеттик университети менен Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян илим жана технология университетинин ортосунда Лу Бань институтун ачуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанатка ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Чэн Цзянмин катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Кыргызстанда Лу Бань институтун ачуу багытындагы маселе 6-февралдагы Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун Кытай өлкөсүнө болгон расмий иш сапарында да айтылгандыгын белгиледи. Өзгөчө маалымат технологиялары (IT) жаатында адистерди даярдоо замандын талабы экендигине токтолду.

ОшМУнун ректору институттун ачылышы Кыргызстанда маалымат технологиялары жана техникалык жааттагы адистерди даярдап чыгарууда абдан чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. ОшМУ бул демилгени ар тараптан колдоого алып, кыргыз-кытай факультетинин базасында ишке ашырууга даяр экендигин маалымдады.

Лу Бань институту дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ачылып, негизинен Кытайдын окуу жайлары менен бирге чет өлкөлүк окуу жайлар илимий-техникалык адистерди даярдап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE