Пример HTML-страницы

ОшМПУдагы аймактык конференцияга 4 облустагы окуу жайлардын студенттери келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясы болуп өттү.

Саамалык «Учурдагы билим берүү маселелери студенттердин көз карашында» аталышында болуп, ага Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын орто кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайларынын студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышты.

Конференцияны университеттин илимий иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров ачып берген соң пленардык жыйындын докладдары окулду. Мында баяндамачылар билим берүү багытында бир канча актуалдуу жана көйгөйлүү темалардын үстүндө даярдалган макалаларын коргоп беришти.

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө катышуучулар секциялык иштерге бөлүнүп, өз баяндамаларын жасашты. Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы менен конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга жана активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Аталган конференция окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору жана музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан студенттердин илимий потенциялын жогорулатууга жана ой өрүшүн кеңейтүү максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE