Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы айрым жетекчилер сөгүш алды. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын мэриясынын бир катар токтомдорун аткарбагандыгы жана эскертүүлөрдү четтетпегендиги үчүн айрым муниципалдык кызматтардын, шаардык башкармалыктардын жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.

  • 8-февралда 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйында айрым жетекчилерге сөгүш берүү сунушталган.

Тактап айтканда:

— Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун» жетекчиси Наргиза Эштаевага сөгүш жарыяланды;

— Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Сталбек Төрөбек уулуна каттуу сөгүш берилди;

— Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Жылдызбек Сактановго каттуу сөгүш жарыяланды;

— Турак жайды камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн №40 Королев, №42 Керме-Тоо, №26 Токтогул Сатылганов, №2 Карл Маркс, №4 Киров, №6 Макаренко атындагы мектептердин директорлоруна чара көрүү боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына сунуш берилди.

— Ош шаарынын мэриясынын токтомдоруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча иш-чаралардын аткарылбагандыгы, ошондой эле «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү системасына кошулбаганы үчүн Ош шаардык мамлекеттик дезинфекциялык станциясынын башкы дарыгерине карата тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштама жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE