Пример HTML-страницы

Ош шаарында драма театрдын жанындагы дүкөндөрдү бузуп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы дүкөндөр бузулуп жатат. Бузуу иштери 10-октябрь күнү башталган.

Жеке ишкер Жанарбек Шербаев аталган жерди 3 жылдык келишим менен муниципиалдык менчик башкармалыгынан алганын, объектини 1 жылга жетпей бузуп жатышканын айтат.

«Бул жерге 5 млн сомго жакын каражат коротуп кургам. 5 адам түрдүү багыттагы дүкөндөрдү иштетет. Башка жер бере турганын айтышты. Ал жерге барсам, бир адам «менде да бул жерге дал ушундай келишим бар, кийин соттошуп жүрбөйлү» дегенинен ал жерди албайм деп турам», — деди ишкер.

Анын айтымында, Ош шаардык соту өзүнүн пайдасына чечим чыгарып берген. Андан кийин Ош облустук соту муниципалдык менчик башкармалыгынын пайдасына чечим чыгарып, келишим жокко чыгарылган.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевдин маалыматы боюнча, драма театрдын жанындагы дүкөндөрдүн ээсине бир нече жолу эскертүү берилген.

«Комиссиянын чечими менен убактылуу келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин башка жакка көчүрүү маселеси каралып, техникалар менен да жардамдашалы дедик. Жер мамлекетке керек болгон убакта келишим жокко чыгарылат жана кайра алганга уруксат бар. Анын колунда шаардык соттун чечими бар, бирок ал Ош облустук соту тарабынан жокко чыгарылды», — дейт Мурзалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE